Иске ууланган үй-бүлөдөн энеси эле аман калган, бирок анын да абалы өтө оор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак районунда чарчап калган үч баланын жашы жана окуянын эмнеден келип чыкканы боюнча маалымат берди.
Эске салсак, бүгүн Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңгир айылындагы үйдөн үч баланын сөөгү табылган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, трагедия 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү болуп, анда эне үч баласы менен кошо иске ууланган.

«Көз жумган балдардын улуусу 6 жашта, ал эми андан кичүүлөрү 4 жаштагы эгиз бөбөктөр болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Кичинекейлердин энеси аман калганы, бирок абалы өтө оор экени кошумчаланды. Келин Сузак аймактык ооруканасына жеткирилген.
Булак: Sputnik.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.