Стамбул шаарындагы ТМКК саммитинин жыйынтыгы боюнча «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюлду

Бүгүн, Стамбулда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын сегизинчи Саммитинин алкагында президенттер
“Түрк дүйнөсүнүн көз карашы — 2040» документин кабыл алуу чечимине кол коюшту.

Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040 – бул стратегиялык документ.

Ал түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу багыттарда,
атап айтканда, коопсуздук,
транспорт жана бажы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар,
энергетика,
туризм,
саламаттыкты сактоо,
экология,
айыл чарба маданият,
билим жана илим, жаштар жана спорт,
диаспоралар менен иштөө ж.б.
тармактардагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча «жол картасы» болуп саналат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.