Жусуп Абдрахмановдун «120 жылдыгына» карата Ден соолук паркына 120 бак отургузулду

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 11-февралындагы No37 “Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ден соолукту чыңдоо паркына 120 түп жаш көчөттөр отургузулду.

Борбор калаабыздын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Жашыл» иш-чарага шаардыктар, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жусуп Абдрахманов атындагы коомдук фонддун төрагасы Мирбек Үсобаев жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев катышты.

Ошендой эле,  «Бишкекзеленхоз» ишканасынын башкы агроному менен макулдашуу боюнча коомдук аянттын аймагына 60 түп каштан жана 60 түп күл дарагы отургузулду.

Белгилей кетсек, бул масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жана анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.