ИИМ: Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстан Республикасынын жараны 1983-жылы туулган Х.С.ны кармашты.

   ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, ал миграция жөнүндөгү мыйзамды бузуп 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө атайын киши өлтүрүүгө шектелген жаран Х.С. 2016-жылдан бери Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн жана мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Азыркы учурда ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.