Жазында Кыргызстанда 50 чакан ГЭС ишке кирет, – Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кубаттуулугу 30 мегаваттка чейинки 50 чакан ГЭС ишке кирүүгө дээрлик даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал «Коммерсант» басылмасына берген маегинде айтты.
«Вице-премьер-министр катары москвалык «Гидроэнергопроекттен» биздин өлкөгө келүүсүн сурандым, биз гидроэнергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Ушундай эле өтүнүч менен Санкт-Петербургдагы долбоорлоо институтуна да кайрылдык. Биздин өкүлдөр Ташкент «Гидропроектке» да барышты», – деди ал.
Ошондой эле Жапаров Кыргызстандын гидроэнергетика тармагында эбегейсиз потенциалы бар экенин, Советтер Союзунан кубаттуулугу 3.8 млрд киловатт ГЭС калганын белгиледи.
«Биз жакынкы он жылда потенциалы 6.6 млрд киловатт кубаттуулукту алууну пландап жатабыз. Бизге чейинки келген бийликтин катасын оңдоого бардык күчүбүздү жумшайбыз. Гидроэнергетика боюнча потенциалыбыз бар туруп, бирок долбоорлорду чыгара алган жокпуз», – деп кошумчалады Министрлер кабинетинин башчысы.
Анын айтымында, 50 кичи ГЭСтин участоктору даяр, жазында алар ишке кирет. Жапаровдун билдиргенине караганда, кичи ГЭСтерди ишке ашыруучу инвесторлордун көбү Россиядан келишкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.