Күндүн сүрөтү. ИИМдин БМЖКККнын имаратында Жаныш Бакиевдин сүрөтү илинди

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилеринин стендин ачуу аземи өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалым болгондой, 10-ноябрь күнү ИИМдин БМЖКККнын имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н. Абдиевдин катышуусу менен ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүгүнүн мурда жетектеген башчыларынын стендин ачууга байланыштуу салтанаттуу азем өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага алгачкы жетекчилер-А.Зеличенко, З.Рысалиев, Т.Бейшенбаев, А. Ботобаев, М.Исмаилов, Б. Матмусаев, М. Кулуев жана башкалар келип катышты.
Бул салтанаттын алкагында ардагерлерге, офицер кызматкерлердин жубайларына сыйлыктар тапшырылды.
Мындан сырткары, ардагерлер үчүн машыгуу тиринен тапанча менен атуу уюштурулду.
Кызматтын начальниги милициянын полковниги У. Султанов ардагерлердин ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымдарын, ошондой эле стендди ачуу аларга карата сый-урмат көрсөтүү экендигин баса белгилеген.

Белгилей кетсек, стендеги сүрөттөрдүн арасында 2000-2001-жылдары Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеген, качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин да сүрөтү бар.  Эске салсак, сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыгарган.

Анын ичинде Жаныш Бакиев оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнө баңгизат салуу менен матрешка гейт деп аталган провокациянын уюштуруучусу катары таанылган. 2006-жылы депутат Польшага келгенде Варшава аэропортунда кармалган. Жеке тинтүү учурунда анын жанынан героин салынган сувенир табылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.