Күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт- Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги

Күйүүчү майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, бул рынокто бир жарым айга чейин жетиштүү запастар бар.

«Күйүүчү майдын орточо баасы бизде 55 сом, Казакстанда 58 сом, Өзбекстанда 76 сом, Орусияда 62 сом, Арменияда 87 сом, Тажикстанда 87 сом болууда.

Акыркы кезде Орусияда дагы дүң баалар көтөрүлгөн. Алар менен бааны кескин жогорулатпоо боюнча сүйлөшүп алдык. Көтөрсө дагы иреттүү көтөрүшөт.

Агенттик бир топ механизмдер менен иштерди жүргүзүп жатат.

Биринчиден, аталган рынокто иштегендер менен жолугушуу өткөрүп, сунуштарын угуу. Экинчиден, башка мамлекетте абалга, өз наркы жана ташуу наркы тууралуу талдоо жүргүзүлөт. Үчүнчүдөн, баа кескин көтөрүлүп кеткенде эскертмелер берилет. Ал аткарылбаса айып каралат.

Бир апта мурунку жолугушууда күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөө боюнча тийиштүү талаптар коюлду.

Күйүүчү май боюнча эң кымбат баа Чаткалда. Ал жакка жол чыгымдары көп болгондуктан башка аймактарга салыштырмалуу 7-8 сомго айырмачылыктар байкалат», — деп билдирди Тайлаков.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.