Бишкекте дүкөндөн өрт чыгып, азык-түлүк, кийимдер күйүп кеткен

Кечээ, 10-ноябрда Бишкекте азык-түлүк, кийим-кече саткан дүкөн күйүп кетти. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
«Бейшеналиева жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн өрт чыкгып, жерине 5 куткаруучу тартылды. Өрт 11-ноябрга караган түнү саат 00:02 өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен аянты 200 чарчы метр соода дүкөнү, ичиндеги азык-түлүк жана кийим-кечелери күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп айтылат маалыматта. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.