Атасына барган. Тажиктер кыргыз жаранын 20 күндөн бери кое бербей жатышат

Баткендин Лейлек районундагы Сада аймагынан Кыргызстандын жаранын Тажикстандын УКМК кызматкерлери кармап кетишкен. 1997-жылы туулган Айдарбек Хайдаров 2021-жылдын 21-октябрында кармалганын УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, Хайдаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталып жатат. Ал Тажикстандын аймагындагы Пахтакор калктуу пунктунда кармалган. Бул жерде анын атасы жашайт.

Хайдаровду Кыргызстанга алып келүү максатында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү 2 ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ошондой эле Баткен менен Согди облусунун жетекчилиги жолугушту.

Бул маселе Кыргызстандын УКМК жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, Кыргызстандын жаранын өлкөгө алып келүү аракеттери уланып жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.