Бишкек шаарынын ири көчөлөрүндө торчо таштанды челектери орнотулду

“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын ири көчөлөрүнө таштанды челектерин орнотту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Биринчи этапта мындай урналар  Жибек Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөсүнө, Весёлая, Кантемировская жана Будённый көчөлөрүнө орнотулган.

Бишкек мэриясы таштандыларды туура эмес жерге ыргытпоону жана коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлооңуздарды суранат!

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.