Бакыт Жумагулов — серепчи: «Фарид Ниязовдун айткандары суу кечпеген курулай айыптоо»

Бакыт Жумагулов — серепчи :

“Өзүнүн башындагы төөнү көрбөйт” деген сөз Президент аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовдун бүгүнкү билдирүүсүнө карата туура келет. Фарид Ниязов коомчулукта, айрыкча жалпыга маалымдоо каражаттарында таанымал адам. Айрыкча, убагында жогорку кызматта турган учурунда коомдук пикирди “шефтеринин” пайдасына өзгөртүүгө өтө көп күч жумшаганы соцтармакта буга чейин айтылып келген. Азыр дагы, бүгүнкү билдирүүсүн шайлоо кампаниясы күч алып турган чакта коомдук пикирге таасир этүү аракети деп кабыл алабыз. Фарид Ниязовдун айткандары суу кечпеген курулай айыптоо, жалпак тилде айтканда жөн гана догурунуу.

Ал киши айыптап жаткан Президент Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өлкөнү кандай акыбалда өткөрүп алганын баарынан мыкты билет. Бир эле мисал, өлкө бюджети 20 млрд сомдон ашуун таңкыстыкта болчу. Коронавирус илдетинин пандемиясы жалгыз эле Кыргызстанга кедергесин тийгизген жок. Акысыз эмдөө иштери жүрүүдө. Өнөктөш жакынкы-алыксы өлкөлөр менен мамилелер жөнгө салынып, тийиштүү иш-аракеттер жүрүп жатканы белгилүү. Эч бир Президент батына албаган “Кумтөрдү” мамлекетке алуу демилгеси көтөрүлүп, бул багытта иш жүрүүдө. Эл оозунда далай айтылып, нааразылык жаратып келген “олигарх саясатчыларды” бир дагы президент камака алып, бюджетке акча төктүрмөк турсун жөн гана сурака чакыргандан айбыгып келгени калппы? Канчасы камалып, канчасы мамлекетке келтирген зыянды төгүп беришти. Натыйжада казнага 7 млрд сомдон ашуун каражат түштү. Аларды Фарид мырза көргүсү же айткысы келбей калабы? Эмне, Алмазбек Атамбаевдин убагында өлкөбүз гүлдөп, аттиш өңдүү жабдуулар ТЭЦке, тарых музейине алынып келген эмес беле? Аны эмнеге айтпайт Фарид Ниязов? Же биздин убакта электр энергиясын кошуналардан алда канча кымбат сатып алчубуз, силер деле ошентип алып жыргап отура бербейсиңерби деп айтпайбы? Бетпактыктын дагы чеги болушу керек дейм! Кур дегенде Фарид Ниязов Атамбаев бийликке келгенде мурункуларына даттанып, ыйлактап келгенин айтып койсо дагы адилеттүү болот беле дейм?
Ооба, көйгөйлөр бар. Аларды чечүүнүн үстүндө иш дагы жүрүп атат. Пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүүдө. Эмки жылы өлкө бюджетин 400 млрд сомго чейин жеткирүү планы турат. Шайлоолорду таза, адилеттүү өткөрүүгө бардык чаралар көрүлүүдө.

Өз убагында Алмазбек Атамбаев СДПКны президенттик партия деп ачык айтып, ал партияга баары иштеп, 2017-жылы Сооронбай Жээнбековду “кулакка тартып” Президент кылып, шайлоо процессине ачык киришкен.

Андыктан, айтаарым Фарид Ниязов курулай айып тагаардан оболу, артка бир кылайып, объективдүү карап койсо артыкча болбойт эле. Шайлоо кампаниясы маалында өзүнө, кечээки партиялаштарына жан тартам десе, башка жолду тандасын. Курулай жалаа жабуу, популизмди эмес.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.