«Аялды эки күйөөсү болсо оңой эле багып алат”. Психолог аялдарга эки күйөлүү болууга кеңеш берди

Буга чейин аялдарга бир эле учурда эки күйөөлүү болууга кеңеш берген казакстандык психолог Серикгүл Салинин сунушуна Шымкенттин тургундары комментарий беришти. Бул тууралуу «Отырар» телеканалынын сюжетине таянып, Tengrinews.kz жазды. 

Психолог өзүнүн сунуштарын ар бир эркек эле, жок дегенде бир аялды камсыздай албагандыгы менен негиздейт. Адис кош аялдуулукка эркектерге да жол берилиши керектигин белгиледи.

«Ар бир аял экиден күйөөгө тийип, эркек экиден аял ала турган мыйзам кабыл алынышы керек. Аял толук камсыз болушу керек. Кандай караба, мындай мүмкүнчүлүк бардык эле эркектерде боло бербейт. Бирок аялды эки күйөөсү болсо оңой эле багып алат”,-дейт психолог.

Шымкентте Серикгүл Салинин кеңешине эки ача мамиле кылышты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.