1 кызы чоң атасынын колунда. Москвага кеткен Азамат 10 жылдан бери дайынсыз болууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылынын тургуну Азамат Эгембердиев 10 жылдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу эжеси Бурул Эгембердиева Турмуш басылмасына билдирген. 

«Иним Азамат 1985-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жашачу. 2010-жылдын 25-январында Москва шаарына иштегени кеткен. Телефон аркылуу сүйлөшүп, кабарлашып турчубуз. Арадан убакыт өтүп, 2011-жылдын сентябрь айынан баштап телефону өчүк болуп, иштебей калды. Ошондон бери эч бир дайыны жок болууда. Азаматтын 1 кызы чоң атасынын колунда. Аялынын жашоосу башка», — деди Б.Эгембердиева.

Бул адам тууралуу маалыматы бар жарандардан +79777884356, 0773 353 147 номуруна кабарлап коюуну өтүнөбүз.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.