Пермьде 75 жаштагы пенсионер аялын, небересин өлтүрүп, кийин өз жанын кыйды

3-ноябрда Пермь шаарынын Киров районунда А.Невский көчөсүндөгү батирлердин биринен
 үйүнө кайтып келген жергиликтүү тургун 65 жана 75 жаштагы ата-энесинин жана 
17 жаштагы уулунун сөөгүн тапкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 
Пермь аймагы боюнча Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгына таянып билдирди. 
«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышты ошол эле батирде жашаган
 75 жаштагы үй-бүлө башчысы жасаганы, ал кылмыш жасагандан кийин өз
 өмүрүнө кол салганы аныкталды», - деп билдирди басма сөз кызматы.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 
 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.