Кыргыз балбаны Айбек Токтогул уулу Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты

Бүгүн, 2-ноябрда Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да уланды.

Бул Дүйнө чемпиондугуна эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан Айбек Токтогул уулу алгачкы жүрүшүндө украиналык Эрик Арушанян аттуу балбан менен кез келди.

Эки балбан мыкты беттеш тартуулап, беттеш 4:3 эсебинде кыргыз балбандын пайдасында аяктады.

Муну менен Айбек Токтогул уулу Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты.

Түбү армениялык болгон 22 жаштагы Эрик Арушанян 2020-жылы Европа чемпиондугунда күмүш медаль тагынган. Ошондой эле, 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнөнүн учурдагы чемпиону.

Беттеш бүткөндөн кийин кыргыз балбаны калыстарга нааразы болуп кетип бара жаткан атаандашына барып кол алышты.
Булак: Супер кж

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.