Таласта зордуктоого шектелип качып жүргөн жаран кармалды

Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну 1971-жылы туулган Б.Б. зордуктоо беренеси менен шектелип, тергөө амалдарынан изин жашырып качып жүргөндүгүнө байланыштуу, 2021-жылдын июнь айында Кара-Буура райондук милиция тарабынан издөө жарыяланган. Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей,
милиция кызматкерлеринин ыкчам иш жүргүзүүлөрүнүн натыйжасында аталган жаран Бишкек шаарынан кармалып, Кара-Буура РИИБне алынып келинди. Түшкөн маалыматтарга ылайык, ал жакын туугандардыкында жашырынып жүргөн, ошол учурда милиция кызматкерлери колго түшүрүштү. Соттук өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүү азыркы учурда тергөөдө сурак берүүдө.
Аталган факты боюнча учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.