Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков маданият,маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 4-ноябрь күнү Нарын облустук академиялык музыкалык драм театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков, облустук күч түзүмдөрүнүн жектекчилери жана маданият, маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин катышуусу менен майрамдык иш-чара болуп өттү. Маалыматты Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди. 
Иш-чарада Нарын облустук ички иштер башкармалыгы менен тыгыз байланышта болуп,маалыматтарды жалпыга жайылтууда,коомдук алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө кошкон салымдары жана маалыматтык колдоо көрсөткөндүгү үчүн 2- ноябрь маданият кызматкерлеринин 7-ноябрь маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата жыйырмадан ашык кызматкерлер ИИМдин жана Нарын ОИИБнин Ардак грамоталары, алкыш баракчалары, ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Өз сөзүндө Алмазбек Жумабеков урматтуу кесип ээлери сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен өзүмдүн жана өздүк курамдын атынан куттуктайм. Кылым карыткан кыргыз эли бай, кайталангыс маданиятты жараткан. Ата-бабаларыбыз көчмөн турмуштун шартында көптөгөн таатал сыноолорду баштан кечирип, кыргыз элинин тарыхын,маданиятын саймалуу таштардын бетине эле эмес, улуу “Манас” эпосу аркылуу да бизге баасыз мурас катары калтырышкан.Ошондуктан ар бирибиз, мамлекет маданиятка болгон мамилесин өзгөртүүсү зарыл.Өз мекенибизди, тилибизди, дилибизди,тарыхыбызды, маданиятыбызды баалап, ардактоого милдетүүбүз.
Азыркы мезгилде биздин турмушубузду маалымат каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес.Күнүмдүк турмушубуз маалымат менен башталып, маалымат менен аяктайт.Андыктан бүгүнкү күндө бүт дүйнөнү кыймылдатып жаткан бул-маалымат десем жаңылышпайм.Анткени журналисттер күн сайын ар бир адамдын маанайына таасир этип, коомдук пикирди чагылдырып да жаратып да келишүүдө.Биздин мамлекет сөз жана басма сөз эркиндиги жагынан сап башында келатканы баарыбызга белгилүү.Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, маданият кызматкерлери кош келген майрамыңыздар куттуу болсун,баарыңыздарга бакубат турмуш,чыгармачылык ийгиликтерди каалайм”- деди.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.