Бишкекте тигүүчү цехтен чыккан өрттөн төрт жашар кыз каза болду

Бишкек шаарындагы Аммосов №37 дарегинде жайгашкан тигүүчү цехтен чыккан өрттөн 4 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 13:26да чектөөгө алынган.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 4 жашар кыз каза болгон. Азыр аты-жөнү такталууда. Өрттүн аянты болжол менен 125 чарчы метр.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.