Бишкекте аял 4-кабаттан кулап түштү

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндөгү үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатында орнотулган бастырмага болжол менен 25-30 жаштагы аял киши (аты-жөнү такталууда) кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

«Абалы канааттандырарлык, колунан жаракат алган«, — дешти ӨКМдан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.