ВИДЕО-Орусияда полиция кызматкерлери кыргыз жаранын уруп жаткан видео тарады

Орусияда полиция кызматкерлери белгисиз жаранды ур-тепкиге алган видео тарады. Видеону блогер Ринат Усупбаев социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, сабалган адам Кыргыз жараны экенин айтып, Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

«Тышкы иштер министрибизге кайрылат элем. Жараныбызды коргоого чара көргүлө, каршылык көрсөтпөсө дагы эмнеге сабап жатышат? Бул ачык эле шылдыңдоо. Орусия элчилигине нааразычылык нотасын жөнөтүүнү талап кылабыз», — деп жазып, видеону жүктөдү.

Видеодо эки полиция кызматкери белгисиз жаранды уруп жатканын көрүүгө болот. Жанында турган адамдар полиция кызматкерлерине аны сабабоону айтышкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.