ВИДЕО-Окурман: «Көмүрдүн баасы 5500 сомдон сатылууда. Ким көзөмөлдөйт»

Sokol.media сайтынын окурманы «Ак-Бата», «Ак-Жар» конуштарында көмүр 5500 сомдон сатылып жаткандыгын айтып, видеого тартып жиберген. «Көмүрдүн баасы 4500дөн ашпашы керек эле, бирок бул жакта 5500 дөн сатылып жатат», -деген ал.

Эске салсак, Бишкекте импорттолгон көмүрдүн баасы тоннасына 4500 сомдон ашпашы керек деп Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Жейналы Оросбаев билдирген.

Анын айтымында, Кара-Кече көмүрүнүн баасы 4400 сомдон жогору болбоого тийиш.

“Бааны кымбаттаткандарга, 5000 сомдон саткандарга карата чара колдонулуп айып пул салынат. Кымбат көмүр саткандар болсо бизге кайрылышсын”,-деп айтткан. 

Орун басардын айтымында, «Кыргызкөмүр» ишканасы Кара-Кече көмүр кенинен көмүрдү түз алып жатат, учурда 25тей компания иштейт, анын ичинен 21 компания эң жогорку дүң-чекене баа катары көмүрдүн тоннасын 1200-1370 сомдон белгилеген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.