Тажикстан тактала элек аймакка кайрадан курулуш иштерин жүргүздү

Коңшу Тажикстан Кыргыз өлкөсү менен болгон чек аранын тактала элек аймагына курулуш иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен Майский участогундагы аймакка тажик жарандары тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Ошол эле убакытта аталган факт боюнча Тажикстандын Хожа-Алъо айылындагы чек ара башчысы менен «Көк-Таш» чек ара постунун башчысы сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле бул маселе боюнча Ак-Сай жана Чорку айылдарынын башчыларынын да сүйлөшүүсү орун алып, курулуш иштери толугу менен токтотулган. Учурда аталган аймакта абал туруктуу. Эч кандай курулуш иштери жүргүзүлгөн жок», — деп билдиришти облустук өкүлчүлүктөн.

Бул Тажикстан тарап чек ара тилкесине жакын жердеги курулуш иштерин токтотуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды бузган биринчи факты эмес. Август айында дагы Головной суу алуучу аймагында курулуш иштерин жүргүзүп баштаган.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.