Сербиядагы Дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 3-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталды. 

Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштады. Анда ал эквадордук Розангела Реаско Валдес аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө Айпери Медет кызы атаандаштын артына өтүп, 2 упай алды. Андан кийин Айпери Медет кызы атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Муну менен Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.

Булак:Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.