Качкын Булатов, укук коргоочу: “Президент жеке учак менен болсо да барып, дүйнө коомчулугу карап турган жерде Кыргызстан үчүн маанилүү маселени көтөрдү”

 Качкын Булатов, укук коргоочу: “Президент жеке учак менен болсо да барып, дүйнө коомчулугу карап турган жерде Кыргызстан үчүн маанилүү маселени көтөрдү”

-Президент чакырылган жерге жеке учак менен барабы же башка учак менен барабы ал маселе менен башкалар башын оорутпай койсо деле болот. Эң негизгиси президент коопсуз учак менен учушу керек. Президент бара турган Ту-54 учагы чынында эски. Аны Европага киргизбейт экен. Президент Европага барыш үчүн Москвага барып, андан кийин башка учакка которулуп убаракерчилик тартышы керек эмес. Президентке чакыруу келгенден кийин жеке учак менен болсо да барып, Кыргызстан үчүн маанилүү болгон маселени көтөрдү. Себеби, ал жерде эң чоң глобалдуу маселе чечилгени жатат. Биздин экологиябызды дүйнө жүзү көңүл бура турган жыйында көтөрүп, “Кумтөр” экологиябызды талкалап кеткенин айтты. Майда-барат сөздөргө маани бербей президенттин барганы туура болду. Ал эми тоодой маселени көтөрүп, мамлекет үчүн пайдалуу иш жасайм деп жатса, кайдагы жеке учак менен барды деп сындагандар жумурткадан кыр издегендер десек болот. Чынында жеке учак кеп-сөз кыла турган, таңгалыштуу деле нерсе эмес. Жакыр жашаган эл ушакчы болот дегендей болуп, ушактан арыла албай жатабыз. Чынында бай жашаган мамлекеттер мындай маселелерге маани да беришпейт. Мамлекет үчүн маанилүү иштер жасалганына ыраазы болушат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.