Баяна Кулова: «Өмүрбек Текебаевдин зыяны бүт өлкөгө тийди»

Баяна Кулова баракчасына Өмүрбек Текебаев тууралуу оюн жазды:
«Өмүрбек Чиркешович, кечээтен бери Акманга барып алып кичинекей бала менен тирешип, (Эми Өткүр сиздин эң кичүү балаңыз менен жашташ)…… өзүңүздөн кетип, аябай асылыптырсыз.
Зыяны тийип атат дегениңиз аргасыз жылмайттырды да мени…
Болуптур, Өткүрдүн көп болсо зыяны жалгыз Ташиевге тийип жатыптыр, сиздин зыяныңыз бүтүндөй өлкөгө тийбедиби, унутуп калдыңызбы?
Атамбаев экөөңөр биригип алып кимдерге гана зыян калбадыңар экен. Өлкөнүн түбүнө жете жаздап, эбегейсиз зыян кылбадыңарбы? Дал ушул эл түп тамыры менен каршы болуп жаткан парламентке итибай чотубай, тамга тааныбаган, криминалдар, билимсиздер, сойкулар (айрым депутаттардын көңүлдөштөрү)….. деги кимдер гана келген жок. Баарына сиздин салымыңыз бар. Парламенттик өлкө болобуз деп добуш саттуу, алдыңкы орундуктарды саттуу баары сиздин колуңуз менен башталбадыбы? Болбосо ушул убакытка чейин болду беле?
Азыркы бийликтегилердин абакка түшүп тозоктон өтүшүнө сиздин чоң салымыңыз бар. Сизди Атамбаев камаардын алдында айткан сөзүңүз эсиңиздеби? «Атамбаевге Келдибековду, Бабановду, Ташиевди, Садыр Жапаровду, Түлеевди жыгып бердим бирок, ал ушул жакшылыкты билбей мени да каматканы турат»-деген ким эле? албетте сиз. «Мени Ташиевдин теле каналы жамандап атат»-дегениңизди кантейин. Ташиевди сизге тийешелүү деген теле канал, гезит журналдар күнү түнү жамандап, ошол редакцияда иштеген журналисттер соц тармакта айлап жылдап шыбап, бизди кошо шылдыңдап. Архивден баарын тапса болот, абийир алдында моюнга алыңыз. Сиз азыркы ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУ колдобой, (Кумтөр маселеси каралып атканда) АТАМБАЕВДИН СөЗҮН СҮЙЛөГөН маектериңиз менде сакталуу. Анан эле Конституцияны сизге жаздырбай койсо экөөңөр келише албай, концертиңер башталды. Шөлпөйүп алып Атамбаев азамат экен баардык чокту сиздин колуңуз менен карматты, жаш баладай болуп айтканын аткарып аттыңыз. Өзүңүздүн эле инилериңизди, кабинетиңиз жанаша турган саясатчыларды коридордо кучакташып, залда тепкилеп, саясый оюндун көркүнө чыгардыңыз го. Жараткан бар, таразалап туруп Атамбаевди түрмөдө кармап турат. Ош окуясы боюнча сиздин күнөөңүз бар экенин элдин баары айтып жүрүшөт. Муну Жылдызкан Жолдошева айтса эле чок баскандай бакырып тура калчусуз. Убактылуу өкмөт түзө салып, өлкөнү башыңарга кийдиңер. А баса, дагы бир окуя. Таш Көмүрлүк «Ата Мекенчи» депутат баланын чак түштө атылып кетишине да апасы редакциялардын баарын кыдырып маек берген. Көз жашын көлдөтүп, боздоп ыйласа, бүтүндөй редакция ыйлап жанына тура албай койгонбуз. Сизге барса балаңды тааныбайм деп коюпсуз. «Текебаев эле кылды»-деп байкуш баланын апасы сизди бүгүнкү күнгө чейин каргап жүрөт. Өлгөн адамга криминал деген ярлык тага салып ал өлүмдү моюнуңузга албай жүрөсүз. Сиздин моюнуңузда өлкөнүн ушул абалга келиши, көп кишинин сынган тагдыры, өлкөнүн чөгөлөгөн абалы баары бар. Ошондо ким зыяндуу сизби же Өткүрбекпи?
Ал жигит жамандасаңыз деле ал эч нерсе дебейт бирок, балаңыздай балага асылып, кесиптешибизди тепкилеп, талкууга салып берип, шайлоонун алдында программаларыңызды айтпай бирөөнү жамандаган көнүмүш адатыңыздан кутула албай жүргөнүңүз өтө өкүнүчтүү. Сиз акылыңызга келбедиңиз го…«,-деген ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.