Жалал-Абад облусунда үч күн аралыгында 29 мас айдоочу аныкталды

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагында аптанын дем алыш күндөрү өткөрүлүп жаткан «Бахус» рейдтик иш-чарасынын алкагында, 29-октябрынан 31-октябрына чейинки үч күн аралыгында жалпы 516 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмүнүн Басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинен 29 айдоочу автоунааларын мас абалында, 155 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 14 айдоочу жанында тиешелүү документтери жок үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 318 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 43 автоунаа атайын айып короого коюлду.
Жалал-Абад областтык ЖККК бөлүмү жалпы жол кыймылынын катышуучуларына жолдо жүрүүдө, жол эрежелерин так сактап жүрүүнү эскертишет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.