Баткендеги чек арадагы аймакка тажиктер курулуш иштерин жүргүзүп башташты

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен Майский участогундагы аймакка тажик жарандары курулуш иштерин жүргүзүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда облус жетекчилигинин укук, тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманкул Турсуматовго таянып Турмуш басылмасы жазды.

Анын айтымында, аталган факты боюнча Тажикстандын Хожа-Алъо айылындагы чек ара башчысы менен «Көк-Таш» чек ара постунун башчысы сүйлөшүү жүргүздү. Тажик чек арачысы бул маселени жергиликтүү бийликтегилер чечиши керектигин айткан.

Бул маселе боюнча Ак-Сай жана Чорку айылдарынын башчыларынын сүйлөшүүсү орун алды. Чорку айылынын башчысы Майский аймагында орнотулган пайдубал калыбынын бекемдиги текшерилип жаткандыгын айткан.

Алдын ала маалымат боюнча тажик жарандары көпүрө үчүн пайдубал салууга аракет кылып жатышат.

Читайте также: