УКМКнын ардагери , отставкадагы полковник Курманбаев Муса Узакбаевич көз жумду

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы терең кайгыруу менен билдирет,

2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери , отставкадагы полковник КУРМАНБАЕВ Муса Узакбаевич каза болду. 

 

 М.У. Курманбаев Улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын 1998-жылы “Калкан” терроризмге каршы уюмунун ыкчам кызматкери болуп баштаган. 1999-жылдан баштап жетекчилик кызматтарда, Нөөмөт кызматынын башчысы, 9- кызматтын бөлүм башчысынын орун басары- «Калкан» атайын багыттагы бөлүм штабынын жетекчиси болуп иштеген. Кызмат учурунда ал өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарган.  

 Муса Узакбаевич менен катарлаш кызмат өтөгөндөрдүн баары аны өз милдеттерин бийик сезген чыныгы офицер, жоопкерчиликтүү кызматкер катары эстеп калышты. Мекенибиз анын эмгегин бир нече жолу белгиледи — жетишкендиктердин тизмеси көптөгөн сыйлыктар жана сыйлоо жөнүндө жазуулар менен топтолгон.

 М.У. Курманбаев боорукер адам, жакшы дос жана ишенимдуу жолдош болгон. Ал биздин эсибизде ушундай адам катары калды. 

 Ал ар дайым чынчыл жана калыс болууга үйрөтүп, КГБнын салттарын сактоого, өжөрлүккө жана кең пейил болууга, күч органдарынын офицердик наамын бийик кармоого, өз Мекенин сүйүүгө үйрөтчү.

  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги жана жеке курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 Ардагерлер кеңеши жана КР УКМК өздүк курамы

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.