Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном болду

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Монголиянын Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ганхуяг Содном кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакбаев монголия тарапка Башкы консулдукту Монголиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине кайра уюштуруу чечими үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле жакын арада Кыргыз өлкөсүнүн Монголиядагы элчилигинин ачылышы тууралуу маалымат берди.
«Тараптар кыргыз-монгол мамилелеринин учурдагы абалын талкуулашты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечеги, атап айтканда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасоо жана борборлор ортосунда түз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгү тууралуу пикир алышты.
Өз кезегинде Монголиянын элчиси Содном министрге ыраазычылык билдирип, Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жолдогон саламды жеткирди. Содном мырза баса белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда кызматташуунун дээрлик бардык багыттары боюнча келишимдик-укуктук база толук калыптангандыгын белгиледи.
Монголиянын элчиси соода, экономика, айыл чарба, туризм, маданият жана илим тармактарында эки тараптуу мамилелерди активдештирүү жана реалдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди», — деп жазылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.