Миллионер 105 балалуу болууну пландады, азырынча 21 баласы бар

24 жаштагы россиялык Кристина Озтюрк менен анын 57 жаштагы миллионер күйөөсү Галип Озтюрк суррогат энелерден төрөлгөн 21 баланы багып жатышат. Жыл сайын аял бала багып берүүчү 16 аялга 67,7 миң фунт стерлинг сарптайт. Бул тууралуу The Daily Mail булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Россиялык кыз 105 балалуу болууну пландоодо.Түркияда туулган, элиталык кыймылсыз мүлк сата турган Галип менен Грузиянын Батуми шаарында таанышкан.

Учурда үй-бүлө үч кабаттуу особнякта жашап жатат. Галиптин биринчи никесинен дагы балдары бар.

Адегенде жубайлар аял жыл сайын төрөп турат деп макулдашкан. Бирок аялдын ден соолугу туура келбей алар Батуми шаарынан суррогат энелердин кызматынан пайдаланышкан. Ар бир балага 10 миң доллардан берип, төрөтүп алышкан.

Кристина 16 бала багуучу аялы жалдайт, өзүнүн биринчи никесинен дагы 6 жаштагы кызы бар. Галип экөөнүн биринчи баласы 2020-жылы март айында жарык дүйнөгө келген, ал эми эң кичүү баласы тактап айтканда 21-баласы үч айлык. Ошондо жубайлар бир жарым жыл аралыгында 21 балалуу болушкан.

Үй-бүлө күн сайын 4 миң фунт стерлингди балдардын жалаяктарына, тамактарына коротушат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.