Кыргызстанда салттуу баалуулуктар тууралуу– “Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт” аттуу биринчи оюн пайда болду

Ак бата онлайн документалдык веб-долбоору ишке киргенден кийин,7 апанынТүш кийиздин жаралышы жана алардын шифрленген батасы менен таанышкан жаш кыздар бизге жаза баштады: 

«Биз телепортацияланып, мониторубуздун экраны аркылуу байбичелердин бирине баргыбыз келет, анын тизесине башыбызды коюп, анын жылуу колдору башыбызга сылап жатканын сезип, анын батасындагы сөздөр атайын мага тиешелүү экенин билгибиз келет жана ал адам, эң кыйын учурларда келип, кеңеш сурай ала турган же колдоо сурай ала турган адам.

 Жашообузда ар кандай жагдайлар болот, кээде өтө оор, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук учурунда, сиз, өзгөчө жакын адамдарыңыздан жардам суроо ыңгайсыз деп ойлоп, эч кимге кайрылбайсыз, туурабы? Бул жагдай тааныш болуп жатабы?

Бирок коркунучка кабылган учурлар болот эмеспи. Мындай учурларда, сиз жакындарыңыздан жардам суроо кереги бар же жогу тууралуу чечим кабыл алышыңыз керек, анткени ушул мүнөттөрдө сиз айланаңызда сезимдериңизди, коркууларыңызды бөлүшө турган жана алардан колдоо таба ала турган жакын жана маанилүү адамдар болгондо абдан жакшы болорун түшүнөсүз. 

Дал ушул көз ирмемдерде сен алар үчүн баалуу экениңди, алар сага таяныч экенин түшүнөсүң.

“Өзүңдүн баталуу саймаңды түз” – бул салттуу баалуулуктар, энелердин батасы, анын ичинде заманбап баталардын маанилүүлүгү, ар бир адам үчүн колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу биринчи оюн.

Долбоордун автору “Открытая линия” фонду болуп саналат. Долбоор «Gonzo Design» студиясы менен биргеликте иштелип чыккан.

Долбоорду түзүүдө командага ар кайсы өлкөлөрдөн келген дизайнерлер, маркетологдор жана таргетологдор жардам беришти.

Оюндун өзү 4 деңгээлдеги этап-этабы менен жасалчу «конструкторго» окшош, аны колдонуучу гана тандай алат

  • баталардын сунушталган алты заманбап жана маанилүү темаларынын биринчиси
    • уруунун күчү жөнүндө,
    • энергия,
    • бардык нерседе сүйүү
    • колдоо,
    • өзүн-өзү иште көрсөтө билүү жана макулдук.

Бул темалар долбоордун командасы тарабынан көптөгөн маалыматтардын ичинен тандалып алынган: китептерде, каада-салттарда, маданиятта, социалдык тармактарда, изилдөөдө, байбичелердин аңгемелеринде жана алардын ичинен аларды тандай турган адамдар үчүн күч кубатты бере турган темалар тандалган.

Булар маанилүү темалар, команданын пикири боюнча, аларды тандап алган адамдын үй-бүлөсүнө таандык экендигин, сүйүүсүн, колдоосун жана өзгөчө камкордугун көрсөтөт.

  • Андан соң бир бата тандасаңар, ал аны кайра саймага айландырат.

Мунара Бекназарова, оюндун автору:

«Өзүңүзгө же сүйүктүүңүзгө уккуңуз келген батанын темасын тандап алгандан кийин, сизге батанын эки варианты берилет, алардын ичинен сизге эң чоң резонанс жаратканын гана тандооңуз керек болот.

Бул тандоо оңой эмес экенин билебиз, анткени биз сунуштаган батанын баары өзгөчө. Алар ар кандай булактардагы 500дөн ашык тексттердин ичинен тандалып алынган. Аларды окуп, кайра куруп, бир аз өзгөртүп, азыркы заманбап адамдардын жашоосуна ылайыкташтырдык.

Аларды алгандан кийин сизди

кучактап,

сылап,

болгон болушуңуз менен кабыл алып

жана айыптабай, колдоо көрсөтүп жаткандыгын сездиргибиз келди.

жана биз сизди батыңызды тандап, күч кубатка ээ болушуңузду каалайбыз, андыктан кам көрүү, жакындашуу жана колдоо алуу нормалдуу экенин түшүнүңүз жана колдоо алгандан кийин, өзүңүздүн ичиңизде жылуу сезим менен жана турмуштук ресурстар менен камсыз болгондой жашай баштаңыз.

 

 

  • сунушталган үлгүлөрдүн бирин тандаңыз.

 

Гүлзат Мукалиева, программа боюнча адис:

«Биз оюн үчүн 64 уникалдуу автордук оюм-чийимдерди түздүк. Ар бир оюм-чийим уникалдуу болуп саналат. Дизайнер Гүлмира Кутуевага берген батанын тексттер үчүн жаралган. Ар бир сайманын астында, сиз тандаган саймаланган батанын майда-чүйдөсүнө чейин расшифрокасын таба аласыз.

Гүлмира Кутуева, дизайнер:

«Түш кийиз бир түстүү фондо жаралган. Көбүнчө бул кара жана кызыл өңдөр. Бул эки түстө Түш кийиздин оюмдары кандай түстө саймаланган болсо да, ого бетер өзгөчө кооз боло баштады. Санариптик доордо көбүрөөк күңүрт фон колдонулушу мүмкүн болгондуктан, биз бир нече фонду колдондук: кызыл, кара кызгылт көк, бургундия, кызгылт сары жана көк.

 

 

  • алынган открытканы смартфонуңузга жүктөп алыңыз жана бата открыткасын социалдык тармактарда жакындарыңыз менен бөлүшүңүз

 

Оюнда бул кадам эмне үчүн керек?

Себеби, биздин чөйрөбүздөгү ар бир адам колдоо ала алат. Жакын адамыңызга батаңызды жибергенден кийин, ага мындай дейсиз:

«Мен сенин кандай гана учур болбосун, дайыма колдойм. Мени менен ар убакта байланыша аласың.»

Бул биздин оюндагы эң маанилүү жана негизги кадам. Анткени кээ бир учурда биздин үй-бүлөдө зомбулук темасына тыюу салынган, “уят” тема болуп саналат. Ал эми биз бири-бирибиз менен эмне жөнүндө гана сүйлөшпөйбүз: аба ырайы, мектеп, университет, туугандар, оюнчуктар, бирок бири-бирибизге сүйүү жана колдоо сөздөрүн айтпайбыз.

Эмнегедир аларды айтуу көпчүлүк үчүн кыйын, же «Болбойт» уят дешет, бирок бул сөздөр абдан жөнөкөй жана маанилүү — «мен сени сүйөм», «сен мен үчүн маанилүүсүң», «мен сенин колдойм”, “биз сени ар дайым күтөбүз”.

Биздин «Өзүңдүн саймалуу батаңды түз»  оюну адамдарга бул сөздөрдү айтууга жардам бериши керек.

«Өзүндүн батаңды чогулт» оюну үч тилде жеткиликтүү: кыргыз, орус, англис.

Оюнду Android же iOS менен телефонуңузга азыр бекер жүктөп алсаңыз болот

https://kiyal.akbata.online/ 

Инстаграмдагы долбоор https://www.instagram.com/openlinekg/

https://www.instagram.com/p/CVShvIcozfv/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.