Бишкекте автобустун катышуусундагы жол кырсыгында кичинекей балдар да бар

Бишкекте жүргүнчү ташыган автобустун катышуусундагы жол кырсыгында жабыркагандардын арасында кичинекей балдар бар. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди. Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы Хонда Фит унаасы чыга калгандыктан болду. «Тез жардам» кызматынан маалыматына ылайык, жол кырсыгында жабыркаган 15 жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Алардын арасында төрттөө жаш балдар. Жол кырсыгы бүгүн, 29-октябрь күнү саат 12:30 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө болгон. Анда 8-автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен бара жатканда алдынан Хонда Фит унаасы чыккан, автобус андан буйтайм деп жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.