Кызын көрбөй калды. Казакстандагы кызын көрүүнү суранган келин каза болду

Кызын көрүүгө зар болуп, залалдуу шишик дарты менен алышып жаткан Алина Батурова 32 жашында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына  Шайыргүл тастыктаган.

«Ооба, Алина бүгүн, азыр каза болуп калды. Кызын көрбөй калды. Мен азыр сүйлөшө албайм, медициналык экспертиза жасалып, ошол жакта жүрөм«,- деп кыскача гана жооп берди.

Белгилей кетсек, Алина Батурова эмчектин залалдуу шишик дартынын 4-стадиясы менен жабыркап келген. Андан тышкары мээде, боордо жана өпкөсүндө метастаздар бар болгон. Оор илдет менен күрөшүп жаткан Алина айым ар 4 саат сайын морфин алып турган. Бейтаптын күйөөсү Казакстандын жашап, кызын көрүүгө уруксат бербей, жардам берүүдөн баш тарткан. Мындан улам келин окуясын коомчулукка алып чыгып, жардам сураган болчу.

ВИДЕО- Аз гана өмүрү калды. 31 жаштагы Алина Кордайдагы кызын көрүүнү суранды

Читайте также: