Блогер жана активист Гүлзат Мамытбек 1 айга камакка алынды

 Блогер жана активист Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) СИЗО-1 абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ билдирди.

Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта болот. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Гүлзат Мамытбектин үстүнөн 7 адам арызданган. Алардын айтымында, Г.Мамытбек кыска убакытта үстүнө чоң сумма кошулат деп акча алып, ошол бойдон жашырынып кеткен. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы — 110 миң доллар. Бул факт Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган.

Гүлзат Мамытбек 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 8-июнда ага алдамчылыкка шектелип жатканы тууралуу сырттан билдирүү берилген. Ал эми 13-июлда камакка алуу тууралуу сырттан чечим чыгарылган. Ага 2020-жылдын 8-августунда издөө жарыяланган.

25-октябрда Г.Мамытбек Кыргызстанга келгенде, аны Биринчи май РИИБдин кызматкерлери колго түшүрүшкөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.