Ноокенде жаш үй бүлө үйлөнүү тойдун ордуна окуучуларга форма тиктирип беришкен

Ноокенде жаңы баш кошуп жаткан жаштар үйлөнүү тоюна кетүүчү чыгымга мектеп окуучуларына бирдиктүү форма тиктирип беришти. Жаш жубайлар мындай кадам менен ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөөнү максат кылышкан. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаш үй-бүлөгө мындай демилгени атасы сунуштаган. Жаштар макул болуп, тойго кете турган акчага 110 балага бирдей мектеп формасын тиктирүүнү колго алган.

«Келинчегим менен 1 жылдан ашык убакыт кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Быйыл ата-энем үйлөнүү планын айтканда, тойду кандай өткөрүүнү ойлонуп баштадык. Негизи элдер сыяктуу эле 10-15 унаа менен кортеж кылып, ресторанда той өткөрсөкпү деп жатканбыз. Бирок, атам мени менен сүйлөшүп, ушундай ыксыз нерселерге акча сарптабай, сооп иш жасоону сунуштады. Мен макул болгон соң, эки тарап макулдашып, бир чечимге келишти.

Кыз алуудагы салттын баарын сактаганга аракет кылдык. Тагыраагы, кыздын калыңын бердик. Анын ичинде союш, күрүч, май, баары бар. 24-октябрь күнү жоро-жолдошторум менен кортеж жасабай эле, өзүбүздүн унаалар менен кыздын үйүнө бардык. Анда деле күйөө баланы сатып алуу жана башка салттарды жасаган жокпуз. Биздин кадамыбызды көргөн кыздын жеңелери колуктумду сатпастан, жөн гана кошуп берди. Андан соң үйгө келдик. Ресторанда той өткөрүүдөн баш тарттык.

Эртеси күнү мектептеги 1-класстын 110 окуучусуна бирдей кылып тиктирген кийимдер келген соң, аларга алып барып, белектерди тапшырдык. Бул кадамыбыз менен жөн эле бир нече сааттык оюн-күлкүгө орун бербедик», — дейт Ырысбек Каныбек уулу.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.