Бишкектеги мектеп интернатында балдарга тамак дээрлик 3 эсе азайтып берилип жүргөн

Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын билим берүү мекемелерине капысынан барып текшеришкен. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө депутаттар одоно фактыларга жана мыйзам бузууларга күбө болушкан. Борбор калаадагы №1 мектеп-интернатында күзөтчү мас абалында жумуш ордунда уктап жаткан.

«Ошондой эле мугалимдердин жумуш ордунда жоктугу жана окуу журналдар, кээ бир документтер жок экени аныкталган. №1 мектеп-интернатынын директору комиссиянын мүчөлөрүнө документтештирүү үчүн жоопкер эместигин гана билдирген«, — деп айтылат маалыматта.

Андан ары комиссия №71 мектеп-интернатында болуп, жеринде одоно мыйзам бузуу аныкталган. Анда балдарга нормадагы 200 граммдын ордуна 70 граммдан түшкү тамак берилген.

«Бул факты боюнча жеринде жумушчу жыйын уюштурулуп, ага мектеп-интернаттын жетекчиси жана кызматкерлери, ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова чакырылды.

Бардык аныкталган фактылар боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди», — деп жазылган маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.