Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды.

Sokol.media- Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 21:50 чамасында Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылып, суудан 10-октябрь күнү каналга түшүп кеткен 35 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жогору аталган жарандын аты-жөнү туугандары тарабынан тастыкталды.

Читайте также: