Айыл чарба министринин учурдагы жана мурдагы орун басарлары кармалды

Sokol.media- Кыргызстанда ата мекендик айыл чарба продукцияларын чет өлкөгө тоскоолдуксуз чыгаруу үчүн жогорку кызматтагы адамдар жана айрым компаниялардын өкүлдөрү коррупциялык схема түзүп алышканы аныкталган.

УКМКнын басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө бул мыйзамсыз иштерге айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарларынын тиешеси бар экендигин тастыктаган далилдер табылды.

Кечээ, 26-октябрда УКМК тарабынан айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин учурдагы орун басары М.И. жана министрдин мурдагы орун басары И.А.С. кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.

М.И. деген инициалдарга айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин учурдагы орун басары Марсбек уулу Иличтин аты-жөнү туура келет.

Ал эми И.А.С. — Исаев Амангелди Сапарбекович.

 

Марсбек уулу Илич (сол жакта), Исаев Амангелди Сапарбекович (оң жакта)

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.