ВИДЕО- Талкууга түшкөн «Манастын уулу Семетей» тасмасынын трейлери чыкты

Sokol.media-Буга чейин талаш-тартыш жаратып келген «Манастын уулу Семетей » тасмасынын трейлери чыкты. 

Кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» пьесасы жана «Семетей» эпосунун негизинде тартылган. 

Бакай атанын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыпты Эшенкул Барпиев, Каныкейди Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева ойногон. 

Тасманын жаратуучулары төмөнкүлөр:

  • Режиссерлор — Дархан Кожохан, Эгемберди Бекболиев;
  • Сценарийин жазган жана продюсер — Өмүрзак Төлөбеков;
  • Башкы оператор — Айбек Жангазиев;
  • Креативдүү продюсер — Нурлан Мамакеев;
  • Аткаруучу продюсер — Жолдошбек Жанжигит;
  • Койгон сүрөтчү — Садыр Сагынбаев.

Эске салсак, бул тасма президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылып жатканын тасманын продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбеков билдирген. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.