Каныбек Осмоналиев: Талант Мамытовдун талапкер катары катталбай калышы жаңы Кыргызстандын тарыхындагы чоң окуя болду

— Каныбек агай, Талант Мамытов спикерлик кызматын тапшырбаганы үчүн БШК талапкер катары каттабай койду. Таза шайлоо өткөрүүгө аракеттер башталды десек болобу?

— ЖКнын учурдагы төрагасынын БШК тарабынан депутаттыкка катталбай калышы жаңы Кыргызстандын тарыхында чоң окуя болду.
Мыйзам боюнча бул эң туура. Эми башка бир акылга сыйбаган оюндар болуп эле кетпесе.
Мен бир нерсени байкап алып бушайман чегип турам.
А башка депутаттарчы? Алар деле утурумдук кызмат абалдарынан четтеп турушса болоор беле. Кээ бирөөлөрү өз ыктыярлары менен биротоло эле мандаттарын тапшырып беришти го.
Мен аларды абдан сыйлап калдым. Айтмакчы, алар 6 жыл бою активдүү иштешкен депутаттар болуп чыгышты. ЖКда дагы эле баягы балык ооз, анан былгытмалары калышты! Мындан сырткары ЖК менен Президенттин админстрациясынын жооптуу кызматкерлери кантишти экен?

Ал эми Кабминдин кээ бир кызматкерлеричи, дипкорпус, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кызматкерлери талапкер болуп алышсачы? Укук коргоо органдарынан, сот , прокуратура, УКМК кызматкерлери. Спикердин сабагынан кийин БШК аягына чейин катуу туруп койсо экен.
Ошондо чыныгы акыйкаттык орномок. Мен БШКга көптөн бери биринчи жолу ыраазы болуп отурам. Аларга Жараткан күч-кубат, катуу эрк берсин! Таза шайлоо өткөрүүгө чыныгы аракеттер башталгандай! ЖКнын учурдагы Төрагасынын БШК тарабынан катталбай калышы жаңы Кыргызстандын тархында чоң окуя болду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.