Санэпидкөзөмөл борбору өлкөдөгү тамак-аш сатуучу жайларды текшере баштайт

Текшерүүгө уруксат берүү чечими Бишкекте массалык түрдө тамак-аштан ууланган соңку окуядан кийин кабыл алынды. Ал үчүн өкмөттүн токтомуна өзгөртүү кирди.

Кыргыз өкмөтүнүн республикада «Ишкердик субъектилерди текшерүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» 2018-жылдын 17–декабрындагы токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Мындай чечим азык-түлүктү өндүрүү жана сатуу, сактоо, ташуу менен алектенген объектилерде жугуштуу ооруларды жана массалык уулануулардын алдын алуу, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жана эпизоотиялык туруктуу абалды камсыздоо максатында кабыл алынган.
коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын сакталышын текшерүүгө киргизилген мораторий алынды.
Бишкекте азык-түлүктөн эл массалык түрдө ууланган соңку окуяга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.