Кичүүсү бир жарым жашта. Ооганстанда 8 бала ачкачылыктан чарчап калды

Sokol.media- Кабулдун батыш тарабында ачкадан чарчап калган сегиз жетим баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, балдар Кабулдун 13-кварталынын айланасында үч жума мурун чарчап калган. Балдардын сөөгүн жергиликтүү молдо жана райондун тургундары жерге беришкен. Мухаммад Али Бамиани аттуу жергиликтүү молдо балдардын өлүмү боюнча кеңири маалымат берип, улуусу сегиз жашта, кичүүсү бир жарым жашар наристе экенин айтты.»Алардын ата-энеси экөө тең каза болгон жана жакын туугандары жок болчу. Алар аябай ачка болуп, бүрүшүп калган», – деди.

Талиб өкмөтү Ооганстанда каза болгондор тууралуу комментарий бере элек. Бириккен Улуттар Уюму эгер гуманитардык жардам тез арада берилбесе, оогандар массалык ачарчылыкка дуушар болорун эскерткен. БУУнун агенттиктери кыш жакындап калгандыктан, 18 миллиондой оогандык тамак-ашка жана баш калкалай турган муктаж экенин билдирген.

Эскерте кетсек, 15-августта “Талибан” кыймылы Ооганстандын бардык аймагында көзөмөл орнотконун жарыялаган. Мындан тышкары ооган аялдарынын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салгандыгы кабарланган.

Читайте также: