85 адамга жетти. «Империя Пиццы» кафесинин бардык түйүндөрү убактылуу жабылат

Sokol.media- Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектеги «Империя Пиццы» кафесинин бардык түйүндөрү жабылат.

25-октябрда саат 7:30га карата Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан уулангандан кийин медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85 адамды түздү. Учурда 1 бейтап стационардык дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандары, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучулар 4 аймакта жайгашкан «Империя Пиццы» кафесинен тамак (роллы) жешкен.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери эпидемиологиялык иликтөө иштерин улантууда.

Булак: Акипресс

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.