Ырчы Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү менен эки жолго түшкөнүн жазып чыкты

Ырчы Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү менен эки жолго түшкөнүн жазып чыкты.

«Бул менин акыркы билдирүүм. Мага учурда менин жеке жашоом боюнча көптөгөн жеке каттар келип жатат. Эгер мүмкүнчүлүк берсеңер мен кененирээк айтып берейин. Жигитим экөөбүз үч жыл аралыгында баш кошууну чечтик. Менимче, биз шашып, бул кадамга барыптырбыз. 3 жыл аралыгында экөөбүз аралыктан сүйлөшүп жаттык. Биз эки жолго түштүк… Ким эмне дебесин, кимдин фантазиясы кандай болбосун ажырашуубуздун себеби бири-бирибиздин мүнөзүбүздүн дал келбестиги болду. Ооба, биз мыйзамдуу түрдө баш кошконбуз. Мага ал кагаз маанилүү эмес. Ошондуктан мындай кадамга баруу алдында миң жолу ойлонуп, өзүңө «мен бул адамды жакшы билемби? мен өзүмдү ал адам менен ыйгайлуу сеземби?» деген суроо беришиң керек экен. Буга эч ким күнөөлүү эмес. Мен ага жана анын үй-бүлөсүнө ыраазымын. Бул менин бул окуяга байланышкан акыркы билдирүүм»,— деп жазды ал.

Ырчы Толгонай Арзыкеева менен Нурсултан Төлөпберген ушул жылдын август айында расмий түрдө никеге туруп, нике күбөлүгүн алышкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.