Ташиев: «Түркиядан дүйнөдөгү 5 эле өлкөдө бар «Bayraktar» пилотсуз учактарын алабыз»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз өлкөсү Түркиядан «Bayraktar» пилотсуз учактарын алаарын билдирди. Мындай билдирүүнү ал УКМКнын чек ара кызматына күжүрмөн техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.

«Биз башка техникаларга дагы мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыркы учурда Түркияда «Bayraktar» пилотсуз учактары жасалып жатат. Бул Дүйнөдө 5 эле малекетте бар экен. Жакында учактар келет. Биз учактарды башкаруучуларды ошол жерде окутуп, даярдап жатабыз», — деди Ташиев.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев Кыргыз өлкөсү байкоо жүргүзүүгө арналган орусиялык «Орлан-10» дрондорун сатып алып жатканын айтты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.