Эдил Байсалов: «Тажикстандык студенттер үчүн чек ара ачылды»

Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Маалым болгондой, мындай чечимди Министрлер кабинети кабыл алган.

«Бул бир тууган эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын эң бекем көпүрөсү»,-деп жазган Байсалов.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. Сентябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат бериле элек болчу.

Читайте также: