Бишкек шаарында мамлекеттик инновациялык борбор ачылат

Борбордо прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория, балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг зона жайгаштырылганы айтылды.
Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор ачыларын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинен (Кыргызпатент) билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордун ачылыш аземине мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле өкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, IT-технологиялар боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттер да келери айтылды.
«Борбордо Fablab — прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория, Youth iLab балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг зона, конференц-зал, жолугушуу бөлмөлөрү, патенттик-техникалык фонд жайгаштырылган», — деп жазылат билдирмеде.
Инновациялык жайдын расмий ачылыш аземи 27-октябрь күнү саат 8:30да боло турганы кошумчаланды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.