Баткенде жоголуп кеткен адамдын жансыз денеси үйүнүн ажатканасынан табылды

2021-жылдын 17-октябрь күнү саат 22.30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган өз үйүнөн 1988-жылы туулган Темирбаев Жигитали Муктарович белгисиз тарапка чыгып кетип кайрылып келген жок деп бир тууган эжеси 19-октябрь күнү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылат. Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул факты Баткен РИИБне дайынсыз жоголуу беренеси менен катталып, издөө иштери жүрө баштайт.
Тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжасында Баткен шаарынан Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси Бужум айылынын тургуну 28жаштагы Ж.Н.ди шектүү катары аныктап кармашкан.
Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-бер. 2-бөл. 3-п. өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына квалификациясы өзгөртүлүп, азыркы күндө тергөө иштери уланууда.
Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.