Ысык-Көлдө пансионаттан өрт чыкты

Sokol.media- Ысык-Көлдө 21-октябрда түндө пансионаттан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда кырсыктан  жабыркагандар жок.

Куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө 21-октябрда саат 03:55те Чок-Тал айылындагы пансионаттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, саат 04:52де өрт чектөөгө алынып, 06:35те толук өчүрүлдү.
«Өрттүн кесепетинен пансионаттын кампасынын 20 чарчы метр чатыры жана курулуш материал, унаа тетиктери күйдү. Себеби такталууда. Жабыркагандар жок», — дешти министрликтен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.