ВИДЕО-Жеңүүчүлөр Кореяга барат. Кант шаарында кыздар арасында футболдук мелдеш болду

Sokol.media- Бүгүн, 21 -октябрда Кант шаарында айымдар арасында футбол боюнча мелдеште болууда. Анда 15 команда күч сынашууда. Турнирдин жыйынтыгында финалисттер Түштүк Кореяда өтө турган эл аралык мелдештерге катышат.

Турнир Кыргызстанда 12-жолу уюштурулган. Бул мелдешти FHI кайрымдуулук уюму өткөрүүдө. 12 жылдан бери KIA TECHEK (FHI Foundation) жыл сайын апрель жана октябрь айларында 2 этапта, өспүрүмдөрдүн физикалык жана психикалык ден соолугун чыңдоо үчүн футбол жана волейбол боюнча мелдештерди өткөрүп келет. Фонддун жетекчиси Ю жон Хо «Коомду спорттук иш чараларга үйрөтүшүбүз керек«,-  деп баса белгиледи.

Читайте также: